Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 79
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы №31 К.Чодошов атындагы орто мектебинин англис тили сабагынын мугалими Батанова Кекиликти “Кыргыз Республикасынын Президентинин ардак граматасына” көрсөтүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 31 К. Чодошов атындагы орто мектебинин англис сабагынан мугалими Батанова Кекиликти Кыргыз Респуликасынын Президентинин ардак граматасына көрсөтүү жөнүндөгү мектептин 27-август 2018-жылдагы № 5 токтому эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы № 31 К. Чодошов атындагы оро мектебинин англис тили мугалими Батанова Кекиликти Кыргыз Республикасынын Президентинин ардак граматасына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комииссиянын төрагасы Айтмурза уулу Азизбекке жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Бекишовго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |