Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 80
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы күзгү оруп жыюуга карата даярдыктар жана техникалардын кызмат көрсөтүү акыларын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүн айыл чарба иштери боюнча башкы адисинин сунушу эске алынып, айыл өкмөттүн аймагындагы айыл чарба жумуштарындагы кызмат акыларды, күзгү оруп жыйуу компаниясына катышкан техникалардын жана эгин ташуучу, жүк ташуучу машиналардын күйүүчү майын жана баасын төмөндөгүдөй баада белгиленип бекитилсин.
Оруп жыйууга 1га жерге кызмат акысы күйүүчү майы ичинде 3500сомго чейин.
Орулган эгинди ташууга 5-10литрге чейин күйүүчү май, эмгек акы 500сомдон 1000 сомго чейин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы күзгү оруп жыюуга карата даярдыктар жана техникалардын кызмат көрсөтүү акыларын бекитүүдө айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эл менен иштөө жоопкерчилиги эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |