Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-октябры № 81
“Кызыл-Өзгөрүш аймактык Таза суу” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Таза суу боюнча департаментинин алдында уюшулуп жаткан “Таза суу”муниципалдык ишканасынын Уставы боюнча Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекишовдун сунушун угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдарды “Таза суу менен камсыз кылуу жана санитардык туруктуу өнүктүрүү долбоорунун” алкагында муниципалдык ишканасынын түзүү Уставы жактырылсын жана бекитилсин.
2. “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймактык Таза суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү Уставы менен айыл аймагынын жашоочулары тааныштырылсын.
3. “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймактык Таза суу” муниципалдык ишканасынын тиешелүү иштерин көзөмөлгө алуу үчүн коомдук комитеттин курамы түзүлсүн.
4. Уставдын иштерин өз учурунда жакшыртуу боюнча тиешелүү иштерин жүргүзүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |