Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-октябры № 83
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-2022-жылдарга жайыт башкаруу планын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевдин 2018-2022-жылдарга жайыт башкаруу планын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-2022-жылдарга жайыттарды башкаруу планы бекитилсин.
2. 2018-2022-жылдарга жайыттарды башкаруу планын аткаруу Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |