Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-октябры № 85
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын токтомун угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 28.09.2018-жыддагы №3 токтому эске алынсын.
Сулайманова Керезбүнүн турак жайын ремонттого кошумча 13250 (он үч миң эки жүз элүү) сом каражат бөлүнүп берилсин.
А.Ибраимов атындагы орто мектебине баруучу жолду оңдоп-түзөөгө күйүүчү май үчүн 11250 (он бир миң эки жүз элүү) сом каражат материалдык жардам бөлүмүнөн каражат бөлүнүп берилсин.
Камыш-Башы айылынын тургуну маркум Асыранкулов Замирдин сөөгүн коюууга кеткен 6000 (алты миң) сом акча каражат айыл өкмөттүн резервдик фондунан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |