Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-октябры № 86
Камыш-Башы айылындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасын түздөө үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин депутаттарынын кайрылуусун угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин депутаттарынын кайрылуусун эске алып, Камыш-Башы айылындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына кум төгүп, оңдоп түзөөгө айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 200 миң (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |