Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-октябры № 87
“Кетмен-Төбө” бал-аарыларын асыл-тукумдаштыруу чарбасы” ЖЧКнун жетекчиси Чолпонкулов Муратбек Медербековичтин сунушу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кетмен-Төбө” бал-аарыларын асыл-тукумдаштыруу чарбасы ” ЖЧКнун жетекчиси Чолпонкулов Муратбек Медербековичке, асыл тукум аарыларды көбөйтүп өстүрүү үчүн Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу “Сандыкол” участогу буфердик аймак болуп, тишелүү аймагы чектелип бекитилип берилсин.
2. “Сандыкол” участогунан убактылуу курулушка жана бал-челектер үчүн бак-дарак тигип өстүрүүгө тиешелүү 1,5га (15000кв.м) жер аянттары бөлүнүп берилсин.
3. Ушул иш-чарага ылайык иш-кагаздары тиешелүү мекемелерден суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин төрагасы Э. Мутуевге тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |