Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-октябры № 88
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиялардын курамын жана резервин түзүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыктан Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиялардын курамы жана резерви бекитилсин. (курамын жана резервин түзүү курамы тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |