Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-октябры № 89
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бууракан айылына жаңы курулган электр энергиясы менен камсыздап турган жер тилкесин Токтогул электр тармактар ишканасына бекитип берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 28.09.2018-жылдагы №5 протоколунун, Өзгөрүш электр тармактар ишканасынын жетекчиси М. Талиповдун сунушушунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш аймагына караштуу Бууракан айылындагы электр энергиясы менен камсыздап турган 10 электр мамычысы ээлеп турган 500 метр жер тилкеси Токтогул электр тармактар ишканасына бекитилип берилсин жана укуктук документтерин мыйзамдаштырууга уруксат берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш аймагындагы Бууракан айылындагы электр энергиясы менен камсыздап турган жер тилкесин Токтогул электр тармактар ишканасына бекитилип жана укуктук документтерин мыйзамдаштырууга керектүү АПУ жана ИПУну даярдап берүү жагы Токтогул архитектура жана шаар башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Курулуш, архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |