Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-октябры № 91
Токтогул районунун атайын эсеп дирекциясынан 2018-жыл үчүн бөлүнүүчү Чеч-Дөбө, Опоз айылдарына таза суу чыгарууга бөлүнө турган каражатты кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул районунун атайын эсеп дирекциясынан 2018-жыл үчүн бөлүнүүчү Чеч-Дөбө, Опоз айылдарына таза суу чыгарууга бөлүнгөн 3270,0 миң сом акча каражатын 2900,0 миң сомун Ак-Жар айылындагы Чоңко участкасындагы баардык документациялары бүткөрүлгөн ФАП тын курулушуна бөлүү жагы суралсын.
2. Калган 370,0 миң сом акча каражатын Чеч-Дөбө, Опоз айылдырына таза суу чыгаруу үчүн документацияларын бүткөрүүгө калтырылсын.
3. Токтогул районунун атайын фонд дирекциясынан каражатты бөлдүрүү, ФАПтын курулушун баштоо, Чеч-Дөбө, Опоз айылдарына таза суу чыгаруу үчүн документацияларын бүткөрүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |