Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-октябры № 92
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон, Чеч-Дөбө айылдырынын ортосунда мектеп окуучуларын мектепке ташып келүү үчүн алынган автоунаанын оңдоо иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин депутаты Айтмурза уулу Азизбектин сунушун угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон, Чеч-Дөбө айылдырынын ортосунда мектеп окуучуларын мектепке ташып келип-кетүүгө алынган автоунаанын оңдоо иштерине айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 30000 (отуз миң) сом каражат бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына, акча каражатын берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |