Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-октябры № 93
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндөгү ардагерлер кеңешинин төрагасын жана курамын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин депутаты Айтмурза уулу Азизбектин сунушун угуп талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндөгү ардагерлер кеңешинин төрагасына Кожоев Шайлообай бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндөгү ардагерлер кеңешинин курамы төмөндөгүдөй 5 адамдан түзүлүп бекитилсин.
А.Капалбаев -мүчөсү
Э.Бакиев -мүчөсү
А.Абдылдаев -мүчөсү
Т.Мамбеталиев-мүчөсү
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Нуржакыпов тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |