Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-октябры № 94
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон, Чеч-Дөбө айылдырынын ортосунда окуучуларды мектепке ташуучу автоунаа каттоочу жолду оңдоо иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин депутаты Э.Бусурмановдун сунушун угуп талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон, Чеч-Дөбө айылдырынын ортосунда окуучуларды мектепке ташуучу автоунаа каттоочу 1500 метр жолду оңдоп түзөөгө жана шагыл төгүүгө өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 50000 (элүү миң) сом каражат бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына, акча каражатын берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |