Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-январы № 2/4
Авлетим айылдык окмогунүи алдындагы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» жайытты башкаруунун 2017-жылдагы планы жөнүндө
Авлетим айылдык өкмөтүнүн алдындагы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» төрагасы Ж. Атеновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Авлетим айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык өкмөтүнүн алдындагы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» Жайытты башкаруунун 2017-жылдагы планы бекитилсин.(ллан тиркелет)
2. Авлетим айыл округундагы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» 2017-жылга карата киреше бөлүгү 661022 сом жана чыгаша бөлүгү 661022 сом сметасы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин,(№1, № 2,№ 3,№ 4, № 5- тиркемелер тиркелет)
3. «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» кызматкерлеринин 2017-жыл үчүн эмгек акы боюнча түзүлген сметасындагы эмгек акысы 198307.00 сом. соцфонд чегерими 34208.00 сом. жалпы 232515.00 сом бекитилсин.(6-тиркеме тиркелет)
4. Авлетим айыл округунун аймагындагы жайыт пайдалануучулардан бир баш үчүн 3% пайда салыгы. 1 га жер үчүн 13.60 сом жайыт салыгын кошкондо 1 баш чоң кара мал үчүн 81.00 сом. 1 баш жаш бодо мал үчүн 56.00 сом. кой-эчки 16.0(3 сом. жылкы 107.00 сом. эшекке 81,00 сомдон төлѳм акысы өндүрүлсүн.
5. Авлетим айыл аймагынын жайыттарына башка айыл аймагынан келген атуулдардьш малы үчүн 1 баш чоң бодо малына 130.00 сом. жаш бодо малына 100.00 сом. жылкысына 150.00 сом. кой-эчкисине 30.00 сом. козу-улагына 15.00 сомдон төлѳм акы бекитилсин.
6. Авлетим токой чарбасынан сырткары жайлоолорго чыккан малга 3% салыгынан сырткары 1 баш чоң бодо малга бир айга 10,13 сомдон 1 баш жаш бодо мал үчүн 10.13 сом. 1баш кой-эчки үчүн 2.02 сом. бир баш жылкы үчүн 10,13сом, 1 баш эшек үчүн 10.13 сом төлөм өндүрүлсүн,
7. Жайыт инфрастуктурасын оңдоо үчүн 10000.00 сомдук акча каражаты бекитилсин. (№ 7 тиркеме тиркелет).
8. АРИСтин чакан долбоорунун 5%ти үчүн 28022сом. 25%ти үчүн 215000сом бекитилсин.
9. ЖПБнын ишин жогорку депгээлде уюштуруу элдин жайытка болгон муктаждыктарын чечүү жагы ЖПБнын төрагасы Ж. Атеновго милдеттендирилсин. Жайыт билетин жайыт пайдалануучуларга жазып берүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
10. ЖПБнын текшерүү комиссиясынын ЖПБ тарабынан отчеттук мезгилде жүргүзгөн иштерин текшерүү боюнча берген малымдамасы көңүлгө алынсын.
11. Токтомдун аткарылышы «Айыл чарба жана экология боюнча» жана «бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин
Төрага | А. Шырдаков |