Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы №6/1
Авлетим айыл аймагындагы билим берүу уюмдарындагы көмөкчү чарбалардын уюштурулушу жөнүндө» жана аларды эффективдүү пайдалануунун абалы
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин «социалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.М.Шабдановдун жана мектеп жетекчилери Н.Жапашовдун, О.Абылкасымовдун, А.Батыркуловдун, Р.Кожоматованын жана Ү.Шайдиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Айылдык аймактын билим берүү уюмдарынын ар биринде жер аянтына байланышкан көмөкчү чарбалар уюштурулган. Ал жер аянттарынан алынган каражаттар билим берүү уюмдарыны керектүү иштерине (имараттарды оңдоо, керектүү буюмдарды сатып алуу ж.б.у.с.) жумшальш жаткандыгы белгилүү болду.
Каражаттарды мыйзамдуу чыгымдоодо А.Кабаев атындагы Авлетим орто мектебинде (дир Жапашов.Н) жана Ы.Акылбеков атындагы орто мектебинде (дир. Кожоматова.Р) салыштырмалуу мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. Бул мектептердин жетекчилери көмөкчү чарбадан түшкөн каражаттарды айыл өкмөттүн кассасына кириштеп, андан кийин чыгышдоо сметасы боюнча жумшашат.
Ал эми А.Батыркулов атындагы орто мектеби (дир. Батыркулов.А) көмөкчү чарбадан алынган 25,0 (жыйырма беш) миң сом акча каражатын айылдык өкмөттүн кассасына кириштебестен сарптаган. К. Алымкулов атындагы орто мектеби (дир. Абылкасымов.О) жана Молдо Багыш атындагы орто мектеби (дир. Шайдиев.Ү) 2016-жылда түшүм болбогондуктарынан улам киреше алынбагандыгын билдиришкен.
Жогоруда белгиленгендерди угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин кезексиз 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Авлетим айылдык аймагынын билим берүү уюмдарындагы көмөкчү чарбалардын уюштурулушу жана алардын натыйжалуу пайдаланылышынын абалы жөнүндөгү» айылдык кеңештин «Социалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 22-февралындагы №9 токтому жактырылсьш.
2. Туруктуу комиссиянын протоколунда белгиленген кемчиликтерди жоюу жана көмөкчү чарбалардан алынган каражаттарды мыйзамдын чегинде пайдалануу билим берүү уюмдарынын жетекчилерине (Абылкасымов.О, Батыркулов.А, Жапашов.Н, Кожоматова.Р, Шайдиев.Ү) милдеттендирилсин.
3. Айылдык аймактагы билим беруү уюмдары тарабынан көмөкчү чарбалардан алынган кирешелерди мыйзамдык талаптарына ылайык, Авлетим айыл өкмөтүнүн кассасына кириштөө аркылуу жүргүзүү боюнча маселе 2017-жылдын жыйынтыгы менен ноябрь-декабрь айларында кайрадан каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Социалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Шабданов.К) милдеттендирилсин.
Төрага | А. Шырдаков |