Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 6/3
«Айылдык аймактын ардактуу жараны» наамдарын ыйгаруу жөнүндө
Авлетим айылдык кеңешинин «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.М.Шабдановдун билдирүүсүн угуп жана талкулап, туруктуу комиссиянын 2017-жьшдын 22-февралындагы № 9 токтомуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык кеңешинин «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын Авлетим айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Ажыбаев Абдижалил Абдыразаковичке жана Аксы райондук балдардын музыкалык мектебинин директору Мамытова Кишимжан Жакыповнага «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» наамдарын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштары жактырылып, Ажыбаев Абдижалал Абдыразаковичке жана Мамытова Кишимжан Жакыповнага «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
2. Айылдык аймактын «Ардактуу жараны» наамын тастыктоочу күбелүк-баракчаны жана «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» деген жазуусу бар тасманы даярдап, аларга тапшырууну уюштуруу айыл өкмөттүн башчысы Н.А. Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Шабданов К.М) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |