Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы №6/3-3
«Авлетим айылдьш аймагынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө
Айылдык кеңештин Айыл чарба жана экологияны коргоо, социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиялардын төрагасы А.А.Төлөбаев, К.Шабдановдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышыньш VI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өнүктүрүү Саясат Институтунун Жалал-Абад областтык координатору Эргешов Кеңешбек Таирбековичке Авлетим айыл аймагынын «Ардактуу жараны наамы» ыйгарылсын.
2. «Ардактуу жараны» наамды тастыктоо иретинде атайын баракча-күбөлүк жана тулку боюна илинүүчү «Ардактуу жараны» жазуусу бар кызыл тасманы даярдоо Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экологияны коргоо» жана «социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссияларына (төрагалары Төлөбаев.А жана Шабданов.К) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |