Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы №6/6
Авлетим айыл аймагынын калкынын малдарын профилактикалык дарылоо жана иденфикациялоо боюнча кызмат кѳрсѳтүүнүн тарифтик ѳлчѳмдѳрүн бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин «Айыл чарба жана экологияны коргоо»,«Бюджет жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларынын төрагалары А.Төлөбаев,Ж.Назаралиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 6-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдарды профилактикалык дарьшоо жана кара малдарды иденфикациялоо боюнча кызмат корсотуунун тарифтик олчомдорун бекитуу жонундогу туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун 2017-жылдын 22-февралында №5,№6 протоколдору менен сунушталган тарифтик олчомдору бекитилсин.(сунуштар,протоколдор тиркелет).
Бирканы малга тагуу боюнча Дейрес айылы үчүн дагы кызмат акы 30 (отуз)сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин.
2. Малдарды профилактикалык дарылоо жана кара малдарды иденфикациялоо боюнча кызмат кѳрсѳтүүнүн тарифтик ѳлчѳмдѳрүнүн жузого ашырылышына комок корсотуу жагы айыл окмотунун башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Айыл чарба жана экологияны коргоо» жана «Бюджет жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларынын төрагалары А.Төлөбаевге, Ж.Назаралиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |