Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы №6/7
Муниципалдык менчиктин имаратынын пайдалануу багытын жана аталышын өзгөртүү жөнүндө
Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын «Мукур айылындагы муниципалдык менчиктеги мончонун имаратын айылдык китепкана үчүн пайдаланууга өткөрүү тууралуу» Авлетим айыл өкмөтүнүн сунушу» жөнундөгү 22.02.2017-жылдагы №4 протоколуна ылайык, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышыньш 6-сессиясы (кезексиз)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык аймагыньш Мукур айыльшдагы муниципалдык менчиктеги мончонун имаратын айылдык китепкана үчүн пайдаланууга өткөрүү боюнча Авлетим айыл өкмөттүн сунушу кабыл алынсын жана мончонун имараты айылдык китепкананын имараты болуп пайдаланылсын.
2. Бул аталган имаратты айылдык китепканага ылайыкташтырылып оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.М.Шабдановго жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары А.Т.Осмоналиевге жүктөлсүн
Төрага | А. Шырдаков |