Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы №6/8
Авлетим айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ибраимов Смайылбектин жана айылдык кеңештин төрагасынын орунбасары А.С.Абдиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айлдык кеңешинин №4 Дейрес шайлоо округунан депутаттар Ибраимов Смайылбектин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалык милдеттеринен бошотуу туураалуу арызы канааттандырылып, төрагалык милдеттерден бошотулсун жана бул туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп калтырылсын.
2. «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп, Аликеев Каныбек шайлансын.
3. «Бюджет, экономика жана финансы» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Аликеев Каныбек башка туруктуу комиссиясынын курамына шайлангандыгына байланыштуу бул комиссиянын мүчөлүгүнөн чыгарылсын.
4. Депутат Момунбеков Асанбек Байыскулович айылдык кеңештин «социалдык» маселелер боюнча комиссиянын мүчөлүгүнөн чыгарылып, «бюджет, экономика жана финансы» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлүгүнө шайлансын.
5. Туруктуу комиссиялардын курамдарына киргизилген өзгөртүүлөрду эске алуу менен алардын ишин уюштурууну камсыз кылуу айылдык кеңештин төрагасынын орунбасары А.С.Абдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Шырдаков |