Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 6/9
Жаңгактуу-Булак айылындагы Итагар дарыясына курулган көпүрөгө жана Ак-Дөбө участкасындагы көчөгө маркум Аликеев Эргешалынын атын ыйгаруу жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Авлетим айылдык Кеңешинин социлдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 22-февралындагы №10 протоколунун негизинде Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын, «Жаңгактуу-Булак айылындагы Итагар дарыясына курулган көпүрөге жана Ак-Дөбө участкасындагы көчөгө» маркум аликеев Эргешалынын атын ыйгаруу боюнча айылдын калкынын сунушун колдоо жөнүндөгү 2017-жылдын 22-февралындагы №10 протоколу бекитилсин.
2. Жаңгактуу-Булак айылындагы Итагар дарыясына салынган көпүрөгө жана Ак-Дөбо участкасындагы Камбаров Максатбектин үйүнөн Каңылчыдагы Камбаров Мырзакаримдин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө маркум Аликеев Эргешалынын аты ыйгарылсын.
3. «Аликеев Эргешалы атындагы көпүрө» жана «Аликеев Эргешалы атындагы көчө» - деген көрөнөктөрдү даярдап орнотуу жана мезгил-мезгили менен көпүрөнү оңдотуп ТУРУУ менен «Аликеев Эргешалы атындагы көчөнүн» жакшырышына ыктыярдуу түрдө жардамдарды берип туруу жагы маркум Аликеев Эргешалынын уулу Аликеев Канатбекке жана бир туугандарына сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Авлетим айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Шабданов К.М.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |