Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты №7/1-а
«Авлетим айыл аймагындагы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» 2016-жылы жургүзгөн жумуштары жөнүндө
«Айыл чарба жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Төлөбаевдин маалымдамасын жана «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Атеновдун отчетун угуп сессия төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Авлетим айыл аймагындагы «Жайыт пайдадануучулар бирикмесинин» (төрагасыЖ. Д. Атенов) жыл сайын иш планын түзүп, жайыт акыларын чогултуп, көпүрөлөрдү, жайыт жолдорун, булактарды оӊдоп. бир топ жумуштарды аткарып жатышат. Сырттан каражат таап, АРИС менен блиргеликте долбоорлорду иштеп чыгып жана иш жүзүнө ашырууда айыл өкмөт менен биргеликте алгылыктуу иштерди жасап жаткандыгын сессия баса белгилейт. Жогорудагы жетишкендиктер менен бирге «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси» тарабынан бир топ кемчиликтерге жол берилген. 2016-жылы жайыт акы чогултуу 88,63% гана аткарылган 11,37% жайыт акы чогулбай калган. Авлетим айыл аймагындагы жайыт жерлер Авлетим айыл өкмөтү келишим түзүлүп «Жайыт пайдалануучулар бирикмесине» өткөрүлүп берилбеген. Башкача айтканда (2008-жылдын 29-майдагы №99- 2009- жылдын 26-январь № 30) «Жайыт жөнүндө» мыйзамы аткарылбаган.
Жогоруда белгиленгендерди угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин 7-сессиясы(кезексиз).
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагындагы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» Жайьп комитети тарабынан жүргүзүлгөн иштери жөнүндөгү комитеттин төрагасы Ж. Д. Атеновдун отчетун жана «Айыл чарба жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Төлөбаевдин маалымдамасы көңүлгө алынсын.
2. Жайыт комитетинин ишин уюштурууда Кыргыз Республикасынын «Жайыт жөнундөгү» мыйзамынын талаптары жетекчиликке жана аткарууга алуу жетишсиз жүргүзулүп жаткандыгы белгиленсин.
3. Жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу боюнча укуктарды айыл өкмөтү тарабынан жайыт комитетине өткөрүп берүү боюнча келишимдер түзүлбөгөндугү жана жайыттарды туура пайдаланууга тиешелүү болгон объектилерди – көпүрөлөрдү, булактарды, жолдорду «Жайыт пайдалануучулар бирикмесине» акт менен өткөрүп берүү, жайыт акысын төлөбөгөн жайыт пайдалануучуларга мыйзам чегинде чара көрүлбөгөндүгү сыяктуу маселелер колго алынбагандыгы айылдык өкмөттүн жетекчилигине (башчысы Н. А. Абдыраманов) жана «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» төрагасы Ж. Д. Атеновго көрсөтүлсүн.
4. 2017-жыл үчүн жайыттарды пайдалануу жана башкаруу укуктарын өткөрүп берүү боюнча айылдык өкмөт менен «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» ортосунда атайын келишимди түзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго жана «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» төрагасы Ж.Д.Атеновго милдеттендирилсин.
5. Токтомдо белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча айылдык кеңешке 2017-жылдын 1-октябрына чейин билдирүү берүү «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» төрагасы Ж.Д.Атеновго милдеттендирилсин
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Айыл чарба жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А. Телөбаев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |