Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-мapты №7/2
Мукур айылындагы көчөлөргө жарандардын ысымдарын берүү жөнүндө
Айылдык кеӊештин "Укук, мыйзам жана этика" боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 22- мартындагы Мукур айылындагы көчөлөргө "жарандардын ысымдарын берүү жөнүндөгү" № 5 протоколуна ылайык, Авлетим айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын 7 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мукур айылынын "Чикилдек" участкасындагы көчөгө Улуу Ата Мекендик Согуштун биринчи топтогу майыбы, маркум Ныязов Нурматтын ысымы берилсин жана ал көчө "Ныязов Нурмат атындагы көчө" деп аталсын. (Көчө Кербен-Авлетим багытындагы борбордук көчөсүнөн оңго, чыгыш тарапка бурулганда Олошов Мураттын үйүнөн Сатибеков Эсенкулдун үйүнө чейинки аралыкты ээлейт).
2. Мукур айылындагы "Ак-Булак" участкасындагы көчөгө маркум Олошов Тагайдын ысымы берилсин жана ал көчө "Олошов Тагай атындагы көчө" деп аталсын. (Көчө Кербен-Авлетим багытындагы борбордук көчөсүнөн оңго, чыгыш-түштүк тарапка бурулганда Койчуманов Мунарбектин үйүнөн Тыналиев Тургуналынын үйүнө чейинки аралыкты ээлейт).
3. Мукур айылындагы Мукур суусун бойлото кеткен көчөгө эмгектин ардагери, алгачкы тракторист аял Калманбетова Набаттын ысымы берилсин жана ал көчө "Калманбетова Набат атындагы көчө" деп аталсын. (Көчө Ныязов Нурмат атындагы көчөдөн оңго бурулганда Калманбетов Камбаралы үйүнөн түштүк тарапка карай кеткенде Сатымкулов Абдибалинин үйүнө чейинки аралыкты ээлейт).
4. Көчөлөргө ысымдары берилген жарандардын аттары жазылган көрнөктөрдү тургузуу жана номерлерди жаздырып, үйлөргө илүү боюнча иштерди жүргүзүүдө айыл өкмүтүнө ыктыярдуу түрдө көмөктөшүү аттары берилген жарандардын уул-кыздарына сунуш кылынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Авлетим айылдык өкмөтүнө (башчысы Абдыраманов Н.А) жүктѳлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |