Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты №7/3
Ардактуу наам ыйгаруу жөнүндө
Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун «Сармерден» теледолбоорунун алып баруучусу, белгилүү аткаруучу ырчы Ороскул кызы Гүлбүгө «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндөгү чыгыш №74 сунушуна жана бул сунушту караган айылдык кеңештин «социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 22-мартындагы №11 протоколуна ылайык Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Сармерден» теледолбоорунун алып баруучусу, белгилүү ырчы, аткаруучу Ороскул кызы Гүлбүгө «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
2. «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны» наамын тастыктоочу күбөлүк-баракчаны жана «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» деген жазуусу бар тасманы даярдап, Ороскул кызы Гүлбүгө тапшырууну уюштуруу айыл өкмөттүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Шабданов К.М) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |