Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты №7/4
Оут-Сай участкасындагы жерлердин талашы боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Байгашка-Терек шайлоо округунан депутаттар Жоробеков Мунарбектин жана Тургуналиев Кенжебектин Оут-Сай участкасындагы айрым жарандардын жерге ээлик кылуулары боюнча ал жердеги жашоочулардын талаптары айылдык өкмөт тарабынан чечилбей жаткандыгына байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү боюнча койгон талаптарына ылайык Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оут-Сай участкасындагы айрым жер участоктору боюнча төмөндөгүдөй курамда убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн:
1. Жолдошов Каныбек - депутат, комиссиянын төрагасы.
2. Тургуналиев Кенжебек - депутат, мүчө.
3. Жоробеков Мунарбек - депутат, мүчө.
4. Назаралиев Жолдошбек - депутат, мүчө.
5. Асаналиев Эрмек - депутат, мүчө.
2. Бул убактылуу депутаттык комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн төмөндөгү кызмат адамдары комиссияга мүчөлөр болуп киргизилсин.
Батырбеков Арстан - Товар-Сай айылынын айыл башчысы.
Узенов Меңдигул - жер адис.
Карчыгаев Абдылда - юрист.
3. Комиссия текшерген учурда райондук Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын адиси Кутманов Алимырза чакырылсын.
4. Комиссия 2017-жылдын 10-апрелине чейин текшерип, жыйынтыгын айыл өкмөт менен бирге чыгарсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.С.Абдиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |