Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты №7/5
Малдарды профилактикалык дарылоо боюнча кызмат акыга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айылдык өкмөттүн малчарба адиси А.Токобаевдин жана ветсервистин жетекчиси К.Абдыкеримовдун малдарды эмдөө боюнча кызмат акыны кайра карап берүү жана идентификациядан өткөрүлгөн малдарга тактама берүүнүн баасы тууралуу берген 2017-жылдын 23-мартындагы сунуштарын карап чыгып жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдарды эмдөө боюнча мурда белгиленген 30 (отуз) сомго кыз.мат акыга 10(он) сом кошулуп, 40 (кырк) сом өлчөмүндө төлөм акы белгиленсин.
2. Идентификациядан өткөрүлгөн малдарга тактама берүүдө 1(бир) баш мал үчүн 50 (элүү) сом өлчөмүндө төлөм акы белгиленсин.
3. Төлөм акылардын белгиленүүсү боюнча мал ээлерине түшүндүрмө берүү жана белгиленген төлөм акыларынын өлчөмдөрүн туура сактоо ветсервистин кызматкерлерине (ветврачтарга) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл чарба жана экологияны коргоо» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Төлебаев А.М) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |