Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-январы № 1
Могол айыл аймагынын Могол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Могол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз II-сессиясы Могол айыл аймагынын Могол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндөгү маселени карап, добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Могол айыл аймагынын Могол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Турдукулов Эркинбек Нурдинович шайлансын.
2. Токтом мамлекеттик тилде Могол айыл аймагынын www.Mogol.kg. Расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун көчүрмөсүн Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү айылдык Кеӊештин катчысы Б.Алыбаевага тапшырылсын.
Төрага | Т. Омурзаков |