Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 1
Могол айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу чаралары жана милициянын участкалык инспекторлорунун аткарган иштери жөнүндө
Могол айыл аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлору А.Адилбеков, Р.Эгембердиев, Н.Абилаев жана өспүрүмдөр менен иш алып барган инспектор И.Сатаровдун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлорунун 2017-жылдын 6 айында аткарып жаткан иштери «канаттандырарлык» деп табылсын.
2. Могол айыл аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча профилактикалык иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Айылдык кеңештин алдындагы коомдук уюмдардын (ардагерлер, аялдар жана жаштар кенештери, аксакалдар соту) жана маала комитеттеринин иши жандандырылсын.
4. Могол айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык тескөөчүлөрүн иш кабинети менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кенешинин мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Мамарасуловко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |