Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 2
Калктуу конуштун ичиндеги бош жаткан жер аянттарын муниципалдык менчикке бекитүү жана реестрге киргизүү жөнүндө
Могол айыл аймагындагы калктуу конуштун ичиндеги бош жаткан жер аянттарын муниципалдык менчикке бекитүү жана реестрге киргизүү жөнүндө Могол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Кайимовдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагындагы калктуу конуштун ичиндеги бош жаткан жер аянттарын муниципалдык менчикке бекитүү жана реестрге киргизүү жөнүндө маселе агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна коюлсун.
2. Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына эки жумалык мөөнөттө маселени карап иликтеп кайра кезексиз сессияга чыгаруу тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке тапшырылсын.
Төрага | Т. Омурзаков |