Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 3
Кооптуу жерлерде жайгашкан жарандарга жер участкаларын ажыратып берүү үчүн жер аянттарын трансформациялоо жөнүндө
Могол аймагында кооптуу жерлерде жайгашкан жарандарга жер участкаларын ажыратып берүү үчүн жер аянттарын трансформациялоо жөнүндө Могол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Кайимовдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин катышуусундагы комиссиянын маалыматтары көӊүлгө алынсын.
2. Кооптуу жерлерде жайгашкан жарандарга жер участкаларын ажыратып берүү үчүн Ооган-Талаа айылынан Майда-Жаӊгак участкасынан 3,0 га, 19 кварталындагы Көк-Тонду айылынын Таштын-Башы участкасынан 9,0 га, Кара-Ой айылынын Ит-Сийгек участкасынан 2,0 га, Чарбак айылынын Кудаяр участкасынан 2,0 га, Жон участкасынан 8,0га, Каражыгач участкасынан 4,6га, Кызыл-Суу айылынын Ак-Коргон участкасынан 5,0 га, жалпысынан 33,6 га жер аянты трансформацияланып берилсин.
3. Жер аянтын трансформациялоо үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Могол айыл өкмөтүнөн, Ачы токой чарбасынан, Базар-Коргон райондук шаар куру жана архитектура жана мамлекеттик жер каттоо башкармалыктарынан суралсын.
4. Көчүрүүлүгө тура келген үй-бүлөөлөрдү кыш мезгилине чейин жер аянттары менен камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Омурзаков |