Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-декабры № 5
Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызмат көрсөтүүсүнүн тарифтерин бекитүү
Могол айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан тарифтеринин божомолу жөнүндө Могол айыл өкмөтүнүн башкы адиси Т.Джунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII– чакырылышын кезектеги VIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан тарифтери бекитилсин. (тиркемеси тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл аймагынын башчысы Э. Турдукуловко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |