Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-декабры № 6
Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн жазылган кичи долбоорлорду колдоого алуу жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн жазылган кичи долбоорлорду колдоп берүү жөнүндө Могол айыл аймагынын башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги VIII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн жазылган кичи долбоорлор жактырылсын жана колдоого алынсын.
2. Ишке ашкан инвестициялык микродолбоорлордун акча каражаттары кошумча смета менен каралып чыгымдалсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, план, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |