Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-декабры №7
Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2017-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлор колдоого алуу жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2017-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлорду 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен колдоп берүү жөнүндө Могол айыл аймагынын башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги VIII– сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген Чарбак айылына кичи спорт аянтча куруу долбоору жактырылсын жана колдоого алынсын.
2. Чарбак айылына кичи спорт аянтча куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн 310,0 миӊ сом элдик салымы айылдын жеке ишкерлери тарабынан каржылануусу колго алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, план, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |