Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-майы № 4
Кок-Тонду айылынын тургундарынын айылдык ФАПка наам коюу боюнча жалпы чогулушунун токтомун бекитүү жөнүндө
Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги IХ -сессиясы Могол айыл аймагынын Көк-Тонду айылынын тургундарынын ФАПка наам коюу боюнча жалпы чогулушунун токтому менен таанышып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кок-Тонду айылынын тургундарынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги ФАПна наам коюу боюнча жалпы чогулушунун токтомун бекитилсин.
2. Кок-Тонду айылындагы фельдшердик акушердик пунктуна айылдын ардактуу ардагери Абдирешев Камчыбактин аты берилсин.
3. Кок-Тонду айылындагы ФАПка наам берүү боюнча тиешелүү документтерин даярдоо ФАП башчысы Г.Нурмаматовага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө саламаттыкты сактоо жана билим берүү, жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Эрмековко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |