Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-июну № 2
Могол айыл аймагындагы №32 балдар бакчасынын атайын каражатын каржылоо жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Абакуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезексиз Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагында жаӊы №32 балдар бакчасы ачылгандыгына байланыштуу, аны каржылоо максатында жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттар бөлүгүнүн 70911 бөлүмүнүн киреше бөлүгү 117,0 миө сомго белгиленсин.
2. №32 балдар бакчасынын атайын каражаттар бөлүгүнүн чыгашасы 70911-бөлүгүндөгү III-кварталга 2218-статьясына -49,8 миӊ сом, 3112-статьясына -8,7 миӊ сом, IV-кварталга 2218-статьясына- 49,8 миӊ сом, 3112-статьясына -8,7 миӊ сом, жалпы -117,0 миӊ сом каржылансын.
3. Ушул токтомдун негизинде билдирме жазып Базар-Коргон РКБ аркылуу иш жүргүзүү КЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Абакуловко милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Омурзаков |