Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № 2
Жайыт комитетинин 2017-жылдан калган калдыгын каржылоо жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Укубаеванан билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезексиз ХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 704-бөлүмүнүн калдыгы 56038 сом акча каражаты 704-бөлүмдүн 2018-жылдын сметасында каралбай калган 2211-статьясына жылдырылсын.
2. Ушул токтомдун негизинде билдирме жазып Базар-Коргон РКБ аркылуу иш жүргүзүү КЭБ башчысы З.Укубаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Омурзаков |