Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № 3
Комиссия курамына киргизүү жөнүндө
Ачы токой чарбасынын 2018-жылдын 6-сентябрындагы №01-9/120 каты менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезексиз ХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192-токтомунун талабына ылайык мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануучуларга конкурстун негизинде берүү үчүн комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин:
Чарбак айылына- Ниятов Б.,
Ооган-Талаа айылына – Жумабаева К.
Кызыл- Суу айылына - Асранов Р.
Көк-Тонду айылына Жумалиев У., Абылкасымов Т.
Чкалов айылына – Байматов А.
2. Ачы токой чарбасынын карамагындагы мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануучуларга берүүдө көрсөтүлгөн айылдык Кеӊештин депутаттарын конкурстук комиссияга киргизүү Ачы токой чарбасынын директоруна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.
Төрага | Т. Омурзаков |