Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 4
Калкты медициналык жактан тейлөө иштеринин жүрүшү тууралуу саламаттыкты сактоо мекемелеринин маалыматы жөнүндө
Калкты медициналык жактан тейлөө иштеринин жүрүшү тууралуу саламаттыкты сактоо мекемелеринин маалыматы тууралуу шаардык саламаттыкты сактоо мекемелеринин координатору Р.Урусованын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX-чакырылышынын кезектеги 7- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты медициналык жактан тейлөө иштеринин жүрүшу тууралуу саламаттыкты сактоо мекемелеринин маалыматы тууралуу шаардык саламаттыкты сактоо мекемелеринин координатору Р.Урусованын маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кундөн тартып күчүнө кирсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Юлдашев) жүктөлсүн.
Төрага | С. Сансызбаев |