Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 6
Шаардын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарча аймактарындагы көчөдө жүргөн малдын ээлерине айып пул төлөтүү тууралуу аймактык башкармалыктарда өткөрүлгөн жыйындын протоколдорун мыйзам ченеминде кароо жөнүндө
Шаардын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарча аймактарындагы көчөдө жүргөн малдын ээлерине айып пул төлөтүү тууралуу аймактык башкармалыктарда өткөрүлгөн жыйындын протоколдорун мыйзам ченеминде кароо жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Раимжановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX- чакырылышынын кезектеги 7- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарча аймактарындагы көчөдө жүргөн малдын ээлерине айып пул төлөтүү тууралуу аймактык башкармалыктарда өткөрүлгөн жыйындын протоколдорун мыйзам ченеминде кароо жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Раимжановдун маалыматы эске алынсын.
2. Аймактык башкармалыктарда өткөрүлгөн жыйындын протоколдорун эске алып, шаардын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарча аймактарындагы тургундарга малдарын көчөгө кароосуз бош коюусуна, көчөлөрдө кайтаруусуна тыюу салынсын.
3. Токтомду аткаруу, шаардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана бул багытта мыйзам ченеминде милициянын аймактык өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруу жагы шаардык мэрияга, аймактык башкармалыктарга, ошондой эле шаардын аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишканаларга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кундөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Раимжанов) жүктөлсүн.
Төрага | С. Сансызбаев |