Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 7
Шаардын тургундарынын “шаардын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарча аймактарында жайгашкан соода түйүндөрүндө түнкү убакта спирт ичимдиктерин сатууга жана мектеп жашындагы өспүрүмдөргө тамеки, спирт ичимдиктерин сатууга чек коюу” тууралуу кайрылуу каты жөнүндө
Шаардын тургундарынын “шаардын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарча аймактарында жайгашкан соода түйүндөрүндө түнкү убакта спирт ичимдиктерин сатууга жана мектеп жашындагы өспүрүмдөргө тамеки, спирт ичимдиктерин сатууга чек коюу” тууралуу кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Раимжановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX- чакырылышынын кезектеги 7- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын тургундарынын “шаардын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарча аймактарында жайгашкан соода түйүндөрүндө түнкү убакта спирт ичимдиктерин сатууга жана мектеп жашындагы өспүрүмдөргө тамеки, спирт ичимдиктерин сатууга чек коюу” тууралуу кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Раимжановдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 15-бөлүмчөсүнө ылайык, шаардын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарча аймактарында жайгашкан соода түйүндөрүндө кечки саат 19-00дөн эртен мененки саат 10-00го чейинки убакта спирт ичимдиктерин сатууга жана мектеп жашындагы өспүрүмдөргө тамеки, спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизилсин.
3. Токтомду аткаруу, шаардын тургундарына маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана бул багытта мыйзам ченеминде милициянын аймактык өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруу жагы шаардык мэрияга (Р.Асаналиев), Шамалды-Сай,Кызыл-Жар шаарча аймактык башкармалыктарынын башчыларына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кундөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Раимжанов) жүктөлсүн.
Төрага | С. Сансызбаев |