Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 8
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX-чакырылышынын №4, №5 жана №6 cессияларында кабыл алынган токтомдорунун шаардык мэрия тарабынан аткарылышы тууралуу маалымат жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX-чакырылышынын №4, №5 жана №6 cессияларында кабыл алынган токтомдорунун шаардык мэрия тарабынан аткарылышы тууралуу шаардын мэри Р.Асаналиевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX- чакырылышынын кезектеги 7- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX-чакырылышынын №4, №5 жана №6 cессияларында кабыл алынган токтомдорунун шаардык мэрия тарабынан аткарылышы тууралуу шаардын мэри Р.Асаналиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык Кенештин кезектеги 5-сессиясынын №3,4,6 токтомдорунун аткарылбагандыгы жана ушул эле сессиясынын №10 токтомунун толук кандуу аткарылбагандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 2-пунктуна жана Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин Регламентинин I-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин кабыл алган токтомдору шаардык мэрия, шаардын аймагындагы мекеме-ишканалар тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга алынсын жана шаардык Кеңешке өз убагында маалымат берүү жагы камсыздалсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кундөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кабыл алынган токтомдорго тиешелүү шаардык Кеңештин алдындагы туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.
Төрага | С. Сансызбаев |