Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-октябры № 2
Шаардык мэриянын 12.10.2018-жылдагы ““Авиньен” ЖЧКна бөлүнүп берилген жерлерди, келишимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгы үчүн мыйзам чегинде кароо тууралуу” №01-14/1633 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 12.10.2018-жылдагы ““Авиньен” ЖЧКна бөлүнүп берилген жерлерди, келишимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгы үчүн мыйзам чегинде кароо тууралуу” №01-14/1633 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезексиз 8– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 12.10.2018-жылдагы ““Авиньен” ЖЧКна бөлүнүп берилген жерлерди, келишимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгы үчүн мыйзам чегинде кароо тууралуу” №01-14/1633 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. “Авиньен” ЖЧКу менен шаардык муниципалдык менчик департаментинин ортосунда түзүлгөн келишимдердин 3- пунктунда жана КР Жер Кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн талаптар (берилген жер участогуна белгиленген эки жылдык мөөнөттө заводдун курулушун бүткөрүү, жер салыгын жана ижара акысын өз убагында ар квартал сайын төлөп туруу) “Авиньен” ЖЧКу тарабынан аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.
3. Шаардык мэриянын 21.02.2011-жылдагы №92 токтому менен 22,5325 га, 27.04.2011-жылдагы №223 токтому менен 4,0 га, 23.05.2011-жылдагы №280 токтому менен 14,242 га, бардыгы болуп 40,7745 га ажыратылып берилген жерлерди кайтарып алууга макулдук берилсин.
4. Шаардык мэрияга (Р.Асаналиев):
“Авиньен” ЖЧКуна жер салыгына, ижара акысына болгон карыздарды төлөө жана “Кыргыз ферросплав” заводунун курулушун жандандыруу боюнча иш жүргүзүү үчүн 2018-жылдын аягына чейин убакыт берүү;
2018-жылдын аягына чейин “Авиньен” ЖЧКу тарабынан жогорудагы көрсөтүлгөн кемчиликтердин үстүндө иш алып барылбаса, 2019-жылдын 1-январынан тартып, “Авиньен” ЖЧКуна 21.02.2011-жылдагы №92 токтому менен 22,5325 га, 27.04.2011-жылдагы №223 токтому менен 4,0 га, 23.05.2011-жылдагы №280 токтому менен 14,242 га, жалпы -40,7745 га ажыратылып берилген жерлерди мыйзам чегинде кайтарып алуу боюнча иш алып баруу;
Аткарылган иш аракеттердин жыйынтыгы боюнча маалыматты шаардык Кенештин сессиясына даярдап берүү.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизъъ жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Төрага | С. Сансызбаев |