Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-октябры № 5
Шаардык мэриянын 16.10.2018-жылдагы «Шаардык ММДинин балансында турган ден-соолукту чындоо борборун (ДОЦ), шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүү» тууралуу № 01-14/1645 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 16.10.2018-жылдагы «Шаардык ММДинин балансында турган ден-соолукту чындоо борборун (ДОЦ), шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүү» тууралуу № 01-14/1645 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезексиз 8– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 16.10.2018-жылдагы «Шаардык ММДинин балансында турган ден-соолукту чындоо борборун (ДОЦ), шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүү» тууралуу № 01-14/1645 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык муниципалдык менчик департаментинин балансында турган ден-соолукту чындоо борборун (ДОЦ), шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Төрага | С. Сансызбаев |