Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-октябры № 6
Шаардык мэриянын 17.10.2018-жылдагы «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо комиссиянын курамын ээлеген кызмат орундары боюнча бекитип берүү тууралуу” № 01-14/1650 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 17.10.2018-жылдагы «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо комиссиянын курамын ээлеген кызмат орундары боюнча бекитип берүү тууралуу” № 01-14/1650 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезексиз 8– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 17.10.2018-жылдагы «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо комиссиянын курамын ээлеген кызмат орундары боюнча бекитип берүү тууралуу” № 01-14/1650 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо комиссиясы төмөндөгүдөй курамда ээлеген кызмат орундары боюнча бекитилсин.
Комиссиянын төрагасы:
Шаардык Кенештин аппарат жетекчиси.
Комиссиянын катчысы:
Шаардык каржы башкармалыгынын адиси.
Комиссиянын мүчөлөрү:
КОЖОЫУОнүн уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси;
Шаардык мэриянын инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси;
Таш-Көмүр шаардык Ардагерлер Кенешинин төрагасы;
Таш-Көмүр шаардык Аялдар Кенешинин төрайымы;
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы;
“Эквитас” бейөкмөт уюмунун Таш-Көмүр шаарындагы координатору;
Таш-Көмүр шаарындагы “Бакубат-Биримдик” коомдук бирикмесинин жетекчиси.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Төрага | С. Сансызбаев |