Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-октябры № 7
Шаардык мэриянын «2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» №01-14/1619 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын «2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» №01-14/1619 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Н.Боруевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезексиз 8– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын «2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» №01-14/1619 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Н.Боруевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын 2018-жылдагы бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү, 2018-жылдын 28-сентябрындагы республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 4 800,0 мин сом, 2018-жылдын 11-июнундагы Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн №276 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттен каржыланган шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын сметасынан үнөмдөлгөн 1 179,6 мин сом жана 2018-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетке “Активдер жана милдеттенмелер” беренесине түшкөн 1 041,3 мин сом акча каражаттарынын эсебинен жалпы – 7 020,9 мин (жети миллион жыйырма мин тогуз жүз) сомго жогорулатылып, өзгөртүү киргизилсин.
3. Таш-Көмүр шаарынын 2018-жылдагы бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 7 020,9 мин (жети миллион жыйырма мин тогуз жүз) сомго өзгөртүүлөр киргизилип, төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлсүн:
Шаардык мэриянын 2211 “Сапар чыгымдары үчүн” – 135,0 мин сом, 2214 “Унаа менен тейлөө кызматы үчүн” - 194,0 мин сом, 2212 “Байланыш кызматы үчүн” – 121,7 мин сом, 2222 “Буюмдарды сатып алуу үчүн” – 130,0 мин сом, 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” -83,6 мин сом, 22311200 “Электр энергияга төлөмдөр үчүн” – 31,5 мин сом, 22311300 “Жылуулук энергиясынын төлөмдөрү үчүн” – 467,6 мин сом, 3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар” – 60,0 мин сом, 2213 “Имараттардын ижара акысы үчүн” – 12,0 мин сом, жалпы - 1 235,4 мин сом, шаардык мэрия аркылуу;
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2211 “Сапар чыгымдары үчүн” – 64,0 мин сом, 2214 “Унаа менен тейлөө кызматы үчүн” – 90,0 мин сом, 2222 “Буюмдарды сатып алуу үчүн” – 100,0 мин сом, 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” -198,3 мин сом, 22311300 “Жылуулук энергиясынын төлөмдөрү үчүн” – 2962,7 мин сом, 3111 “Имараттар жана курулуштар” – 142,9 мин сом, “Машиналар жана камсыз кылуулар” – 95,0 мин сом, 2224 “Көмүр сатып алуу үчүн” – 650,0 мин сом, 2231100 “Сууга төлөм үчүн” – 18,7 мин сом, жалпы – 4 321,6 мин сом, шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу;
Шаардык муниципалдык менчик департаментинин 2214 “Унаа менен тейлөө кызматы үчүн” – 200,0 мин сом, 2222 “Буюмдарды сатып алуу үчүн” – 74,0 мин сом, 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” -205,1 мин сом, 3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар” – 68,0 мин сом, жалпы – 547,1 мин сом, шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу;
Шамалды-Сай аймактык башкармалыгынын 2211 “Сапар чыгымдары үчүн” – 36,5 мин сом, 2214 “Унаа менен тейлөө кызматы үчүн” – 166,2 мин сом, 22311200 “Электр энергияга төлөмдөр үчүн” – 10,0 мин сом, жалпы – 212,7 мин сом, Шамалды-Сай аймактык башкармалыгы аркылуу;
Кызыл-Жар аймактык башкармалыгынын 2211 “Сапар чыгымдары үчүн” – 11,0 мин сом, 2212 “Байланыш кызматы үчүн” – 4,2 мин сом, 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” -13,0 мин сом, 3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар” – 30,0 мин сом, жалпы – 58,2 мин сом, Кызыл-Жар аймактык башкармалыгы аркылуу;
Шаардык аскер комиссариатынын 2214 “Унаа менен тейлөө кызматы үчүн” – 30,0 мин сом, 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” -15,0 мин сом, 2222 “Буюмдарды сатып алуу үчүн” – 7,5 мин сом, жалпы – 52,5 мин сом, шаардык аскер комиссариаты аркылуу;
Шаардык маданият бёлъмънън 2211 “Сапар чыгымдары үчүн” – 40,4 мин сом, 2214 “Унаа менен тейлөө кызматы үчүн” – 28,5 мин сом, 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” -20,5 мин сом, 3111 “Имараттар жана курулуштар” – 45,0 мин сом, 2224 “Көмүр сатып алуу үчүн” – 25,0 мин сом, жалпы – 159,4 мин сом, шаардык маданият бөлүмү аркылуу;
“Таш-Көмүр жарчысы” редакциясынын 2211 “Сапар чыгымдары үчүн” – 37,8 мин сом, “Таш-Көмүр жарчысы” редакциясы аркылуу;
Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2211 “Сапар чыгымдары үчүн” – 44,9 мин сом, 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” -3,1 мин сом, жалпы – 48,0 мин сом, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу;
Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2211 “Сапар чыгымдары үчүн” – 130,0 мин сом, 2212 “Байланыш кызматы үчүн” – 3,7 мин сом, 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” -97,0 мин сом, жалпы – 230,7 мин сом, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү аркылуу;
Шаардык депутаттар Кенешинин 2211 “Сапар чыгымдары үчүн” – 20,0 мин сом, 2212 “Байланыш кызматы үчүн” – 4,5 мин сом, 2222 “Буюмдарды сатып алуу үчүн” – 30,0 мин сом, 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” -5,0 мин сом, 3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар” – 58,0 мин сом, жалпы -117,5 мин сом, шаардык Кенеш аркылуу;
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кулдышев) жүктөлсүн.
Төрага | С. Сансызбаев |