Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-октябры № 9
Шаардык мэриянын 18.10.2018-жылдагы «Куруучулар” кичи районундагы жашылча-жемиш базарын муниципалдык базар деп ачууга макулдук берүү тууралуу» № 01-14/1664 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 18.10.2018-жылдагы «Куруучулар” кичи районундагы жашылча-жемиш базарын муниципалдык базар деп ачууга макулдук берүү тууралуу» № 01-14/1664 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезексиз 8– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 18.10.2018-жылдагы «Куруучулар” кичи районундагы жашылча-жемиш базарын муниципалдык базар деп ачууга макулдук берүү тууралуу» № 01-14/1664 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. “Куруучулар” кичи районунда жайгашкан жашылча-жемиш базарын муниципалдык базар деп ачууга макулдук берилсин.
3. “Куруучулар” кичи районунда жайгашкан жашылча-жемиш базары ким тарабынан, качан жана кандай каражатка курулгандыгы, базарда соода жүргүзүшкөн соодагерлерден 2018-жылдын 15-майына чейин муниципалдык жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн ижара акысына төлөмдөр ким тарабынан чогултулгандыгы, ал төлөмдөр кайсыл жерге төгүлгөндүгү боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, шаардык Кенештин кийинки кезектеги сессиясына маалымат берүү жагы шаардык мэрияга (Р.Асаналиев) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Төрага | С. Сансызбаев |