Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-БЕЛЕС КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-июну № VIII
Кызыл Белес айыл аймагында GIZ Кыргыз Герман кызматташтык долбоору аркылуу келген техникалардын тарифин бекитүү
Кызыл Белес айыл аймагында GIZ Кыргыз Герман кызматташтык долбоору аркылуу келген МТЗ-892,2 трактору, соко 3-35, беш манжалуу тырмоо жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн сатып алынган чөп престөөчү прессподборшик Тukan 1600 техникасын Кызыл Белес айыл аймагынын сессиясында тарифин карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пресс подборщиктин иштеген кызмат көрсөтүү акысы үчүн ар бир пресс-тюк үчүн 6 ( алты ) сом, 1 гектарга 10 литр солярка бекитилсин.
2. Калктын аярлуу катмары үчүн, мурун бекитилген тизменин негизинде жеңилдиктер берилип, ар бир пресс-тюк үчүн 4 ( төрт ) сом, 1 гектарга 10 литр солярка бекитилсин.
3. Жер айдоо кызмат көрсөтүү акысы 700 ( жети жүз ) сом, 25 литр солярка 1 гектар үчүн бекитилсин.
4. Калктын аярлуу катмары үчүн, мурун бекитилген тизменин негизинде жеңилдиктер берилип, кызмат көрсөтүү акысы 1 гектарга 600 ( алты жүз ) сом 25 литр солярка бекитилсин.
5.Чөп тырмоо акысы үчүн 300 ( үч жүз ) сом 8 литр солярка 1 гектар үчүн бекитилсин.
6. Эгин тартуу акысы үчүн 300 ( үч жүз ) сом 10 литр солярка жана тележка аренда болгондугуна байланыштуу жеңилдиги жок бекитилсин.
7. Чөп тартуу акысы үчүн 300 ( үч жүз ) сом 10 литр солярка жана тележка аренда болгондугуна байланыштуу жеңилдиги жок бекитилсин.
Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | У. Турдубеков |