Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30- июлу №3/1
Таш-Рабат тарыхый эстелигинен түшүүчү 200 000 сом кошумча акча каражатын бекитүү жана пайдаланылбай калган статьялардан зарыл болгон статьяларга жылдыруу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңешинин 3-кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 70 111 бөлүгүнүн 2215 статьясынын 5000 (беш мин) сом 70 911 бөлүгүнүн 2221 статьясына которулуп берилсин.
2. 70 111 бөлүгүнун 2215 статьясынан 70 111 бөлүгүнүн 3112 статьясына 23 000 (жыйырма үч мин) сом которулуп берилсин.
3. 70 111 бөлүгүнүн 2215 статьясынан 70 111 бөлүгүнүн 70 2214 статьясына 8500 (сегиз мин беш жуз) сом которулуп берилсин.
4. “Нур-Шоола” бала бакчасынын ысык тамагы үчүн ата-энелерден түшүүчү взноско кошумча 60000 (алтымыш мин) сом берилсин.
5. 70111 бөлүгүнүн 2215 статьясынын 7011 бөлүгүнүн 2212 статьясына 8500(сегиз мин беш жүз) сом которулуп берилсин
6. 2018-жылга Таш-Рабат тарыхый эстелигинен кошумча түшүүчү 200000(эки жүз мин) сом кошумча акча каражатынын эсеби төмөндөгүдөй бекитилсин
35000(отуз беш мин) сом Таш-Рабаттын кароолчусунун эмгек акысына.
6000(алты мин) сом Таш-Рабаттын соц. Фонддук чегерүүсү.
4000(төрт мин) сом Таш-Рабаттын жыл ичиндеги утурумдук керектөөлөрүнө
23000 (жыйырма үч мин) сом Таш-Рабаттын 2019-жылга кирүү билетин жазоо
2000 (эки мин) сом Таш-Рабатка 2019-жылга баннер жазоо.
130000(жүз отуз мин) сом муниципалдык жолдорду шагыл төгүү жана түздөөдө иштеген муниципалдык техникалардын айдоочуларынын эмгек акысына жана соц. Фонддук чегерүүсү үчүн.
Жалпы: 200,0мин сом.
7. Таш-Рабат тарыхый эстелигинен түшүүчү 200 000 сом акча каражатын бекитүү Каралган акча каражаттар бекитилген сметага ылайык, Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын, чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш Кабаевге жана өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |