Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-июлу №3/2
Кара-Суу айылындагы Дыйкан айылынын тургуну К.Токтоназаровду “Үчүнчү көчмөндөр оюнуна” кыргыздын улуттук оюну “Жаа атуу” боюнча сапарга жиберүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңешинин 3-кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкан айылынын тургуну К.Токтоназаровко кыргыздын улуттук оюндарына кошкон салымы жана жараткан ийгиликтерин эске алуу менен үчүнчү көчмөндөр оюнуна“Жаа атуу” спорту боюнча барып катышып келүүгө жол киресине 70111 бөлүгүнүн 2215 статьясынан 2211 статьясына 5000 (беш миң) сом которулуп берилсин.
2. Аткаруу жагы казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын, чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш Кабаевге жана өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |