Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-августу №7/1
Кара-Суу айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы райондук мамлекеттир администрациясынын 10.07.2018-жылы жиберген №1033 катын жетекчиликке жана аткарууга алуу менен участкалык шайлоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин 7-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү №4009 Кара-Суу, №4010 Супа-Булак, №4165 Дыйкан айылынын участкалык шайлоо комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөттүн каттоосунан өткөрүлүп, айыл аймагынын karasuu.org.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жиберүү жагы жооптуу катчы Н Сооронбаевага тапшырылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Ш Кабаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |